Элдин көңүлүн башкага буруунун амалы

Кээ бир маалымат булактарына мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Ѳмүрбекова менен мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин пандемия убагындагы ишмердиктери жѳнүндѳ негативдүү маалыматтар чыгып, ал коомчулукта, эл арасында бир топ талкууларды жаратты. Аны Кыргызстандагы азыркы катастрофалык чекке жакындап бараткан оор пандемиялык абалдан элдин көңүлүн атайылап  башка маселелерге  бурууну көздөгөндөр   уюштурушууда. Учурдагы пандемиялык  абал эң эле начар. Жакын ортодо жакшырышына ишенүү кыйын. Мындай  учурда айрымдар мурда  иштегендердин иш аракеттерин  ревизиялап, андагы фактыларды  ошондогу реалдуу  кырдаалдын тутумунан эмес, андан 1-2 ай кийинки  жагдайдан алып, каалагандай  бурмалап, чечмелешип, азыркы абал үчүн күнөөлөрдү  мындан үч айдай  мурда эле кызматтарынан кеткендерге оодара салууга   аракеттенишүүдө. 

         Айрам жалпыга маалымдоо каражаттарынынын, “Политклиника”, сыяктуу бир топ сайттарга  мурдагы министр К.Чолпонбаевди каралоо максатында чыгарылган  материалдардын максаттары мына ушундай. Өкмөттүн, министрликтин  февраль-март айларында аткаргандарында таптакыр кемчиликтер болгон эмес дегенден алыспыз, иш бар жерде сөзсүз аздыр-көптүр кемчиликтер да болот. Бирок  өкмөттүн, министрликтин иштериндеги мүчүлүштүктөрдү таразанын бир жагына, ал эми илдеттин таркалышына  жол бербей, дартка чалдыккандарды тезирээк  сакайтуу боюнча аткаргандарын экинчи жагына койсо, А.Өмүрбекова менен К.Чолпонбаевдин  позитивдери  эселеп басып түшөрү  эч ким тана алгыс фактылардан. Анын конкреттүү далили катары  А.Өмүрбекова  менен К.Чолпонбаев илдетке каршы күрөшүү иштерин жетектеп турганда Кыргызстандын пандемиялык абалы алыскы, жакынкы өлкөлөрдүн көбүнөн жакшы болгон. Алсак, алардын убагында туура чараларды көрүшкөндүгүнөн улам Кытайда ноябрда башталган пандемия  Кыргызстанга Россия, АКШ, Япония, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн кийин март айында гана жетти.    Таасирдүү уюштуруучулук, практикалык иштердин натыйжасында жарым айдын ичинде илдетти жуктургандардын баары аныкталып, катаал  карантиндик чаралар аркылуу очоктор локалдаштырылды.  

 2020-жылы 11-мартта  Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту  пандемия деп жарыялады. Мына ошондон тартып, апрелге чейин Өкмөттүн, республиканын саламаттыкты сактоо министрлигинин илдетти жайылтпоо, дартка чалдыккандарды  дарылоо иштери негизинен  эң мыкты болгондугун ачык айтуу  керек. Ага алгач катаал карантиндик чаралар, ал эми  24-марттан  илдеттин очогу чыккан жерлерге чукул абал киргизилгендиги да сөзсүз оң таасирин тийгизди. Март-апрелде илдетти жуктургандардын сандары 200дөн бир аз ашса, өлгөндөр 20га жеткен эмес. Мында сөзсүз А.Өмүрбекова  менен К.Чолпонбаевдин эмгектери, жекече салымдары бар.

Жалпы мамлекеттик органдардын шаштылары кеткен

Карантиндин алгачкы күндөрүндө  айрым жерлерде беткаптар, антисептиктер, бир катар дарылар жетишпей, алар бир нече күнгө кескин кымбаттай  да түштү. Бирок, ошол убактагыдай элди тегиз чырмаган психоздук абалда дары-дармектер, беткаптар гана эмес, ун, кант, май  сыяктуу зарыл азык-түлүктөр да кымбаттап кеткендиги да чындык. Айрымдар  ундарды 5-6 каптан, суу майларды 50-60 литрден, беткаптарды 10-20дан  ала башташса, сөзсүз ал товарлар  кымбаттабаганда башка эмнелер кымбаттамак? Бирок, андай обьективдүү көрүнүштөр үчүн К.Чолпонбаев менен А.Өмүрбекова  экөөсү  гана эмес, жалпы  мамлекетик органдар күнөөлүү экендигин да айтуу зарыл. Анткени, монополияга каршы кызмат убагында баалардын жогорулоосун көзөмөлдөй албаса, ГУБЭП, АКС, Башкы прокуратура, ИИМ сыяктуу органдар  бааларды негизсиз кымбаттаткандарга каршы убагында таасирдүү чараларды көрүшпөдү. Андай көрүнүштөр мамлекеттин коопсуздугуна терс таасирин тийгизгидей абалга жеткенде гана ооздукталды. Бирок, алгачкы күндөрдө  кыйынчылыктар болгон менен Өкмөт, министрлик беткаптарды, дары-дармектерди тез эле жетишерлик өлчөмдө таап, ажиотажды чектегенге жетишти. Ал мезгилде  жер-жерлердеги бийликтер, ооруканалардын жетекчилери Өкмөттү, министрликти гана карабастан ар кимиси өз көйгөйлөрүн өз алдыларынча чечкенге аракеттеништи, ал туура болду.

 Мына эми, пандемиянын башталышында аткарылган натыйжалуу иштерин  биротоло унутуп,   мурдагы вице-премьер-министр А.Өмүрбекова менен экс-саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаев экөөсү айыпталып, үстөккө-босток сурак берип жатышкандыгы таптакыр адилеттүүлүккө ылайык келбейт.

Жоопкерчиликти, иш билгиликти көрсөтүшкөн

Пандемия биз үчүн гана эмес, дүйнөнүн эң  алдыңкы өлкөлөрү үчүн да мурда баштан өткөрбөгөн нерсе болгондуктан бир да мамлекет ага шайма-шай идеалдуу  даярдыкта тосуп ала албады. Илдетке каршы күрөштүн  алгачкы күндөрүндө Кыргызстанда да кемчиликтер болду. Азыркы тил менен айтканда, иш аракеттердин  алгоритминин бардыгы шайма-шай болбой, күтүлбөгөндөй түшүнүксүз нерселер да чыгып жатты. Бирок, дагы бир жолу кайталайбыз, ал  убактагы коомдогу социалдык-психологиялык абалды, өрттөй түтөп бараткан пандемиялык кырдаалды эске албастан, эки-үч ай өтүп, абал мурдагыдан бир нече эсе  начарлагандан кийин  беткаптарды, антисептиктерди, дары-дармектерди сатып алууда  толук кандуу тендер өткөрүлгөн эмес деген  мааниде айрым жоопкерчиликти өзүнө алып, мүмкүн, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө талаптарынын чектеринен чыгып да болсо, элди, медициналык кызматкерлерди, оорууканаларды кыска убакыттын ичинде беткаптар, респираторлор, тийиштүү жабдуулар ж. б.  менен камсыз кылууга жетишүү, бул — эрдикке тете көрүнүш. Андай иштерди аткаргандарды  айыптоо, кечирип коюңуздар, бул  макоочулуктун эле өзү болуп саналат. Андай тагдыр чечүүчү мезгилде жоопкерчиликти толук өздөрүнө алып, оперативдүүлүктү, иш билгиликти көрсөткөндөрдү куугунтуктап, жаманатты кылуу  элге кыянаттык кылганга барабар деп эсептейбиз.

Тендерлер жөнүндө ачык сөз

 КРнын саламаттыкты сактоо министрлигине профилактикалык медицина институту  мартта Кыргызстан Кытайдын сценарийи менен кете турган болсо, 4 миңдей, Италиянын сценарийи менен кетсе, 16 миң адам ооруй тургандыгы болжолдонуп, 400 миң оорулууга зарыл нерселерди даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынып,  алардын жалпы баасы 7 миллиард сомду түзөрү аныкталып, ал каражатты табуу милдети коюлган. Дүйнөлүк Банк “Чукул абалдын алдын алуу” деген долбоордун алкагында 9 миллион доллар берери аныкталган. Андан кийин ушул эле банк “Ковид”деген жаңы долбоор ачып, 12 миллион доллар бөлөт. Же жалпысынан Дүйнөлүк банктан 21 миллион доллар бѳлүү каралган. Андан кийин Азия Өнүктүрүү Банкы 20 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 15 миллион доллар бөлѳрү маалым болгон. Бирок, алардын жалпы суммасы 56 миллион доллар гана болуп, муктаждык  34 миллион доллар болгондуктан,  КРнын каржы министрлиги бул сумманы  майдалап бөлүп берип келүүдѳ. Өкмөт бөлгөн 30 миллион сом  ички рыноктон СИЗ каражаттарын, медициналык жабдууларды сатып алууга, ѳткѳрмѳ пункттарды жабдууга жумшалса, кѳпчүлүгү врачтарга компенсация тѳлѳѳгѳ сарпталган. Чек аралар жабылып, авиакаттамдар иштебегендиктен сырткы базарлардан СИЗ каражаттарын алууга мүмкүн болгон эмес.

 Саламаттыкты сактоо министрлиги   убагында мына ошол керектелчү  жабдууларды, дары-дармектерди сатып  алууга тендер  жарыялаган, бирок  бир жагы чек аралар  жабылып, башка мамлекеттер менен соода, экономикалык байланыштар токтоп калгандыктан, экинчи жагынан  өлкөдөгү  чукул  абалга  байланыштуу  аларга  эсептелүү  фирмалар гана катышып, өздөрүнүн  товарларын сатышкан.  Ал эми айрым ЖМКларда жазылып жаткан “Фаворит сервис”, “Горизонт тур”, “Акмат строй”, “Скай групп” деген сыяктуу  фирмалар деги эле министрлик өткөргөн тендерлерге катышкан эмес.

 Кысталыш  учурларда айрым товарлар, дары-дармектер өз бааларында же бир аз ашык бааларда алынып калышы да мүмкүн, анткени  адамдар чыгымга учурап жатканда  эч ким сары чакаларга  чейин эсептеп отурбайт, ал негизинен туура, анткени илдет элди каптап баратканда  тендер жарыялап, эки-үч жума бою алардын жыйынтыктарын күтүп отурганга  кайдан убакыт болот? Ал убакта  илдетке чалдыккандар кескин көбөйүп, чыгымдар эселеп өсүп кетсе, тендер-пендерлерден тапкан пайдалар эч нерсеге арзыбай калышы да чындык.

Элдин саламаттыгына, өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан маселелер чечилип жатканда Өкмөт өзү ведомстволор аралык комиссия түзө коюп, жергиликтүү  компанияларданбы же чет өлкөлөрдөнбү, түз сатып алууларды уюштуруусу керек эле. Бирок, Өкмөттүн, республикалык штабдын  убагында андай батыл чараларга баргандын ордуна бардык жоопкерчиликти министрликке төңкөй салып, эми аны “четки” кылып койгондугу адамкерчиликке  жатпайт. Убагында министрликтегилер андай сунуш менен Өкмөткө кайрылышкан менен ал тараптан колдоо табышпаптыр. Тилекке каршы, биздин  Өкмөт чукул кырдаалдарда чукул эрежелер менен иштегенди  үйрөнө албагандыгынан  улам  азыркыдай көрүнүштөр орун алып келатат.

Жалаалардын парады качан токтойт?

Өлкөдөгү пандемия таркай баштаган алгачкы күндөрдөгү  айрым кемчиликтерди, укуктук жактан  кошумча тактоону талап кылчу  фактыларды  айрымдардын  көбүртүп, жабыртып, саясатка айландыргылары келип жаткандары “Политклиника”, “Кактус кж”, “Азаттык” сайыттарына чыккан материалдардан айкын болууда. Албетте, алардын мээлегендери  К.Чолпонбаев  же А.Өмүрбекова эле эмес, алар аркылуу азыркы бийликтегилерди, парламенттик шайлоого катыша тургандарды жаманатты кылгылары келишүүдө.

Биз мында эл аралык финансылык, гуманитардык уюмдардан грант, кредит түрүндө алынып  жаткан каражаттарга токтолбойбуз. Анткени, алардын тыйынына чейин КРнын Каржы министрлигининин эсебине келип түшүп, казыналык аркылуу бөлүштүрүлүүдө. Андан каражаттардын максатсыз жумшалуусу мүмкүн эмес. Ал тууралуу маалыматтар убагында  министрликтин сайтына  да чыгарылууда. Биз мында К.Чолпонбаевге коюлуп  жаткан айыптардын айрымдарына токтолсок, 2020-жылдын  февраль айында Кыргыз Өкмөтү  пандемиядан жабыр тартып жаткан Кытай Эл Республикасына жалпы суммасы 4 миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөткөн. Ал убакта бет кап, респираторлор арзан болгондуктан ар бири 2, 4-6 сомдон сатылып алынган. Бул жарыбаган жардамыбыздын ордуна Кытай өкмөтү кайра биз муктаж болуп турган кезде жүз эселеп бир нече жолу бизге өтө керек болгон өздүк коргоочу каражаттарын жана башка медициналык товарларын бергенине баарыбыз күбөбүз.

Анан жер-жерлердеги ооруканалар өздөрү түздөн түз сатып алгандарды да министрликке алып келип төңкөй салган туура эмес. Маселен, Баткендин бир районунун ооруканасынын жетекчилери пандемиялык кырдаал шаштырганда өздөрүнүн кызматкерлери үчүн беткап, респираторлорду шашылыш сатып ала коюшса, ага министрдин же Республикалык шабдын кандай тиешеси бар? Андай нерселер убагында көп эле болгон, азыр деле болуп жатат. Жогоруда аталган сайттар  жазышкан “Фарватор” деген компаниядан министрлик 6 миң сомго ѳздүк коргоочу каражаттарды  сатып алган эмес, жер-жерлердеги ооруканалардан сатып алгандар болушу мүмкүн. “Көкөмерен” деген компаниядан ушул жылдын июлунда  ар бири 51 миң сомдон 47 кислороддук концентрат гана сатылып алынган.

“Акваметтек” деген компания К.Чолпонбаев министр болгонго чейин эле  тендерлерге катышып, 2017-жылы 17 миллион, 2018-жылы 20 миллион сомдук  тендерди  утуп алган. Ал эми  2019-2020-жылдары да министрлик өткөргөн тендерлерге катышып, бирок уткан эмес. Чындап эле К. Чолпонбаев аталган фирмага «лоббировать» эткен болсо, анда 2019-2020-жылдардагы тендерлерди да утуп албайт беле.  “Политклиника” сайты министрлик ар беткапты 25 сомдон сатып алган деп жазды, министрлик  анча акчага бир да бет кап сатып алган эмес, бирок ооруканалардын жетекчилеринин арасында ошондой бааларда сатып алгандар болушу мүмкүн.

Ооба, пандемия башталгандан бери жүздөгөн миллиондогон сомдорго атайын костюмдарды жана кийимдерди, жабдууларды, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, зыянсыздандыруучу  суюктуктарды ж.б. пандемияга каршы күрөштө керектелчү  нерселерди сатып алуулар  боюнча тендерлер өткөрүлүүдө. Бирок, К.Чолпонбаев ушул жылдын 1-апрелинде эле министрликтен кеткен, анын үстүнө  тендерлердин көбү башка министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик органдар тарабынан да өткөрүлүүдө. Демек, пандемияны саясатташтырып, күнөѳкөрлөрдү тапкылары келгендер алардын баарын дүңүнөн 2-3 адамга төңкөй беришпестен  алардын баарын өз-өзүнчө   бөлүштүрүп, түздөн түз тиешеси барлар аркылуу   сөз кылышса туура болмок.  Пандемиядан жаралган көйгөйлөр үчүн эки-үч адамды гана бокочого айландыра койгонго аракеттенүү туура  эмес.

 Ошентип, убакыттын өтүшү жана  кыйынчылыктар менен келген тажрыйбалар  аркылуу гана пандемия менен күрөшүүнүн амалдарын билип жатабыз. “Мурда өлүп  көрүптүрмүнбү”-деп бирөө айткандай, бул алааматты мурда эч кимибиз билбесек, баштан өткөрбөсөк, тилекке каршы, кемчиликтер да болду, азыр да болууда.Бирок,  пандемияга каршы күрөштүн башталышы жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты натыйжалар менен коштолгондугу эч ким тана алгыс чындык. Ал убакта топтолгон алгачкы тажрыйбалар, жакшы көрүнүштөр толук өз деңгээлинде улантылбагандыктан абалыбыз кескин начарлап кетти.

Ушул тапта илдетке каршы күрөштүн башталышында  турган  экс-министр өзү да пневмонияга чалдыгып, вирус анын эски ооруларын козгоп, кант диабети жана жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркап республикалык кардиология жана терапия борборунун жандандыруучу бөлүмүндө жатат. Анын мындай абалынан  пайдаланышып, айрымдар аны каралап, жамандаган бир жактуу маалыматтарды  таркатышууда. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, алар кандай  жалааларды жабышпасын,  эртели кеч адилеттик, чындык  баарын жеңет. Ага чейин жогоруда аталган сайттар өздөрүнүн толук такталбаган маалыматтарды менен дарыланып жаткандын абалын оорлотпой, коомчулукту адаштырбай турса дейбиз.

Биз Космосбек Чолпонбаевдин  тезирээк сакайып кетишин каалайбыз.  Буйруса, ал сакайганда ЖМКларда  ж.б. жерлерде пайда болгон суроолорго  толугу менен ынанымдуу жоопторду берип, коомчулукка  чындыкты агынан жаргандай ачып берип, өзүнүн толук күнөөсүз экендигин  далилдээрине  ишенебиз.