Турция мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга 15-июль күнү келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен «Манас» Эл аралык аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:
-20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;
-50 кычкылтек концентратору;
-20 миң ПЦР-тест комплекти;
-20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
-50 миң N95 коргоочу беткаптары;
-100 миң хирургиялык беткаптар;
-35 миң коргоочу костюмдар;
-2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;
-10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Туркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган: 200 упаковка тест-системалары, 5 миң бир жолу колдонуучу беткаптар, 200 коргоочу костюмдар, 100 коргоочу фильтри менен беткаптар жана 12 коргоочу көз айнек.