Оорукана коридору менен келем. Саатка карасам 10 ду көрсөттү. Түнкү онбу, таңкы онбу? Билбеймин. Мейли, ал маңыздуу эмес. Үйүмө барбаганыма үч ай болуптур. Мына оорукандан чыкпаганыма, аба өтпөгөн кабат-кабат кийим менен жүргөнүмө 3 ай болуптур ошондо. Кыска убакытта канча сыркоо жандар келди, канчасы кетти. Түбөлүккө аттанганы канча…Карабаңыз мага, үмүттөнбөңүз, менден кеңеш сурабаңыздар! Мен азыр тирүү өлүкмүн…Бир нече саат мурда гана караган сыркоонун жана көз жумганын уктум. Дагы бир азамат кетти. Ыйладым, өкүрдүм, ачууландым. Өзүмдү, айланамды, элимди, начальствону жек көрүп турдум. Кечээ кечинде дем алалбай бирөө түштү. Ахыбалы оор эле.

Өзүм реанимацияда иштеймин. Бир нече палата бош турду. Шефтер ал палаталарга эч кимди жаткызбайт, туугандарына «резервке» коет. Шефтин сөккөнүнө карабай бир палатага жанагы оорулуну жаткыздым. Өкүнүчкө карай ооруган адам таңда көз жумду… Аман алып кала албадым…Кийин билдим, бул жигит ооруп биздин эшикти далай кагыптыр. Бирок «Орун жок!» деп эшиктен киргизбеппиз. Муну билгенден кийин өмүрдөн ансайын түңүлдүм. Орун жок эмес, бар эле. Бирок насальствонун туугандарынын кесиринен кабыл албадык.Али 40 ка толбогон жигит эле го! Эх! Бар өмүрү алдыда эле го. Эшикти кагып жардам сурап келгенде, кайтарып жибербегенде, аман алып калат элек((.

Кээ адамдын колуна бийлик тийсе ачылган араанын тойдуруудан башка эч нерсе ойлобойт. Алар коомго өтө кооптуу адамдар. Жолотпоо керек! Жемкор адам өлгөндө гана тойсо керек, булар ушундай жүрөксүз адамдар! Мен… чынын айтсам уктоодон корком. Дем жетпей өлгөн көптөгөн ноокастарым түшүмө кирип, менден жооп ала турган сыяктанат. Чын айтам, коркомун…Нак таш боорго, таш жүрөккө айланган кесиптештерим…

Алардан көрө санитаркалардын жүрөгү бар. Оор ахыбалда жаткан жандардын туугандары аман калат деген үмүт менен шорпо, суусун, тамак алып келишет. Ошол шорпону күлүп отуруп кесиптештерим ичет. Алар үчүн уяламын…Мен мындай чечимге келдим. Азыр тирүү өлүкмүн. Мына апаат аякталгандан кийин мен өмүр сүрбөймүн. Бул өмүрдөн кетемин!!!Кудай, мени өзүң кечир.

Баян Акпаралиева