Бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакаттамынын учагы менен келген кыргызстандык жарандар жана Турциянын Өкмөтүнүн гуманитардык жүгү менен биргеликте Кыргызстанга ординатурадан өтүп жаткан жана медициналык жогорку окуу жайларда жана Түркиянын аларга караштуу мамлекеттик клиникаларда иштеген 14 медик-ыктыярчыдан турган мекендештердин тобу келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Пандемия шартында Түркияда дары-дармектерди экспорттоого жана мамлекеттик структуралардын медицина кызматкерлеринин өлкөдөн чыгууларына расмий тыюу салуулар киргизилдиктен, Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана Түркиянын тиешелүү министрликтеринин жардамы менен аталган медицина кызматкерлерине чыгууга уруксат алуу боюнча маселелер чечилген.

Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргызстандагы жашоо шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз мойнуна алышкан.

Медиктердин тобу республикадагы конкреттүү бир ооруканада иш графиги боюнча иштеп, өздөрүнө бөлүнгөн жумуш аймагына жоопкерчилик алаары пландаштырылууда.

Түрк тилин жана медициналык жабдууларды билүү менен, ошондой эле Турциянын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргызстанга кеңеш берүү жардамын берүүгө жана COVID-19 илдетин дарылоодо квалификацияны жогорулатуу үчүн онлайн курстарды уюштурууга даяр экендигин эске алып, Турциядагы КР Элчилиги ыктыярчы-медиктерди КР медперсоналы менен тажрыйба алмашуу үчүн региондорго жөнөтүүнү сунуштады.