Бишкек шаарында жаш жигитти локомотив сүзүп кетти. Ал аман калганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя бүгүн, 15-июлда саат 08:45 чамасында Ауэзев көчөсү тараптагы темир жолдо болгон. 20-25 жаштардагы жигит ооруканага жеткирилген. Абалы оор деп бааланып жатат.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабырлануучу эскертүү берүүчү үндү укпай калган.