Эки күндөн бери элди дүрбөтүп оозуна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттап,  коомго мите курттай аракет жасаган эки аял тууралуу айткым келди.  Эгер ошол эки аял эптүү болсо, кыйын болсо эмне учүн үй- бүлөсүн мыктап түзүп албайт. Элибиз айтат жакшы аял эрден чыкпайт, эрден чыкса жерден чыкпайт деп. Экиден эркек алмаштырып, тыңдап аялдык милдетти аткара албаган адам, анан кантип элге акыл айтат.  Аларга элдин атынан сүйлөөгө ким уруксат берди.

Туура , оорууну жашырса өлүм ашкере кылат деген. Элди козутуп, ары басып, бери басып инфекция таратып жүргөн ошол экөө. Раушан Рыкунова деген, бир нече ирет соттолгон, экинчиси Ассоль Молдокматова. Буларды деле түшүнсө болот. Көптөн бери эркек жытын жыттабай, болгон нерсенин баары башына тээп чыкканда, айла жок, сандырак ойлор менен элди дүрбөтүп жатат.

Мына кечээ бүтүн Чечен элинин алдында Ассоль бизди уяткарды, 30 миң долларды кулкунуна жута коем деп. Кыңыр иш кырк жылда билинбей эле, 40 саат өтө электе Чечен журналисттери иликтөө жасап ийди. Кадыровдун да башы иштейт да, сынап берди ал каражатты Ассолго, тыйынына чейин берет бекен деген үмүттө.

Ага мисал, мына биздин ЖМКлар жайната жазып чыкты, «социалдык тармактаын колдонуучусу Темирлан Бектурганов белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова тууралуу жасалган иликтөөнүн видеотасмасын жарыялап, билдирүү калтырды.

Тасмадан чечен журналисттери иликтөө жүргүзүп, Ассоль айымдын акчанын бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып алган деп күнөөлөгөнүн көрүүгө болот.

Ассоль Молдокматова маек алган, карылар үйундөгү чечен абышканы жерине алдырткан чечен Президенти ал жашаган карылар үйүнө жардам берем- деп айткан убадасына туруп 30 мин доллар которгон ( ал акча Ассолдун жеке счетуна которулуптур). Ал эми Ассолго ыраазычылыгын билдирип бриллиант комплект белек кылган.

Бирок, ал 30 мин доллардын 10 мини гана жумшалганын, калган акча кана?- дешип чечен журналисттери изилдоо кылып жиберишкен экен…»-дешип.

Раушан тууралуу айтсам, соттолуп, отуруп да  чыккан кезинде. Ошол айым кѳптѳн бери дайынсыз кеткен болчу. Пандемиялык абалдан пайдаланып  ѳзүмдү билдирип калайын деп, жоктон бар боло калды.Анын биз деп элдин атынан айтууга укугу жок. Экинчиден, эчки өлгүсү келсе койчунун таягына сүйкөнөт болуп жатат.

Кызыгы эмне үчүн Роза Качиева –Раушан Рыкыновага айланып алган. Кезинде “Ата-Мекен” партиясына, Токтайым Үмөталиевага кызмат көрсөткөн айымды, дагы бирөө жалдаганы айдан ачык болду.

Эсиңерде болсо керек 2011-жылы “Мегаком” чуусунда Рыкынова- Качиева деген ысым миң ирет жаңырганы. А тургай афера үчүн отуруп да чыккан. Өмүр бою коомдук жана салтка байланыштуу чуулгандуу иштер менен алектенип жүргөн аферист аялга ким ишенмек эле.

Автор:  Нургазы  Мурзаев