Учурдагы кырдаалды эске алып Баткендин демилгечил жаштары дагы четте карап турган жок. Алар Баткенде бышкан жер-жемиштерди Бишкекте эмгектенип жаткан дарыгерлерге жиберишмекчи. Бул тууралуу Асылбек Мадалиев билдирди.

«Урматтуу Баткен элим ушул оор кезиңде жардам берип келгендердин эрдиктери үчүн Бишкек шаарындагы күндүзгү стационардын ыктыярчыларына медицина кызматкерлерине жана жаалпы пневмония жана COVID-19 менен күрөшүп жаткан биздин баатырларыбызга Баткендин витаминге бай мөмө жемиштерин жөнөткөнү жатабыз бизге кошулуп колдоп өз багыныздан мөмө жемиш берип же болбосо чогулган мөмө жемиштерди Бишкек шаарына жеткирүү үчүн жардам көрсөтүүнүздү суранабыз.

Ушул оор кезинде жардам берип келгендердин эрдиктери эч качан унутулбайт. Азыр элибиз биригип жатат. Мүмкүнчүлүктөрү бар-жогуна карабастан, жардам көрсөтүп жатат. Кыргыз элиме жардам берейин деп четтен доктурларыбыз кайтууда. Көрүнбөгөн далай дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз көптөгөн жардам көрсөтүүдө. Көмөктөшөм деп өздөрү да оору жугузуп алгандар бар, кайтыш болуп кеткендер бар…Бири-бирибизге жардашдашуу, элибизди сактап калуу сезимдерибиз ушундай күчтүү болуп турганда элибиз жашайт, өлкөбүз жеңет!»,-деди Асылбек Мадалиев.

Мадалиев Асылбек байланыш үчүн тел: 0777249777. Уюштуруу иштерине ыктыячыларлар көрсөтүлгөн номерге чалып маалымат алышса болот.