Күндөрдүн биринде капаланган кызы атасынын алдына келип, мындай дейт:

— Атаке, мен баардык нерседен ушунчалык тажадым, чарчап да бүттүм. Жумушумдагы көйгөйлөр, турмуш куруу маселеси, кыскасы күрөшүүгө күчүм калбады…Эмне кылсам, кеңеш бериңизчи?!

Анда атасы:

— Мен сага сөз менен айткандан көрө, бир нерсени көрсөтөйүн, — дейт.

Атасы мештин (плита) үстүнө үч казанды коюп, ар бирине сабиз, жумуртка жана кофени өз-өзүнчө салып, суу куюп коет. Бир аздан соң казандар кайнап, атасы мешти өчүрүп, кызына кайрылат:

— Эмне болду?

— Сабиз менен жумуртка бышып, ал эми кофе сууга сиңип кетти.

— Туура байкадың, бирок бул үстүртөн гана байкаган адамга ушундай көрүнөт. Чындыгында, катуу болгон сабиз жумшарганын жана туруксуз болуп калганын байкайсын. Ал эми назик жана жумшак болгон жумуртка тескерисинче каттуу болуп, чыңалган. Экөөнүн тең сырткы келбети өзгөргөн жок, бирок ички абалы өзгөрдү. Адамдар да ушул сымал болот, кээ бири каттуу көрүнгөнү менен бир аз сыноо келсе эле маанайы суздашып, өзүн таштап жиберет. Экинчилери болсо жумшак жана эрксиз көрүнгөнү менен кандайдыр бир көйгөйгө сабырдуулук жана аракет менен жооп берет. Канчалык кыйынчылык абал күчөгөн сайын, ошончолук чыңалат.

— Бул эки абал түшүнүктүү, а бирок кофечи?-деп кызы таң кала суроо узатат.

— Кофе??Ал өзүнчө эле керемет да. Кофе өзүнө каршылаш болгон абалга сиңип, жадагалса ошол абалды өзгөрткөнгө үлгүрдү. Кайнап турган сууну жыты буркураган даамдуу нерсеге айлантканга жетишти. Адамдардын кээ бирин сырткы таасир өзгөртө албайт, тескерисинче алар ошол сырткы таасирди да өзгөртүүгө жетишет. Бир гана өзгөртпөстөн, ал сыноодон өзүнө пайдалуу нерсени үйрөнгөнгө да аракет кылат.

Ушул үчөөнүн кайсынысы болоорун — ар бир адам өзү тандайт!

Автору: Нуриет Абдулазиз