Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистерин илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо боюнча Өкмөткө иш жүзүндө жардам берүүгө чакырды

«Азыркы тапта медиктер коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча мүмкүн болгондун баарын жасап жатышат, баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Бирок, бул илдет менен күрөшүүдө күч-аракеттерибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөбүздө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Андыктан бул багытта Өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен болгон жолугушууда.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү жана аны дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

Баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков алар илдет менен күрөшүү боюнча илимий-практикалык иштер жаатындагы алдыңкы адистер экенин, алардын кесипкөйлүгү менен бир топ жарандар илдеттен айыгып чыгышкандыгын ыраазычылык менен белгиледи.

Мамлекет башчысы элдин саламаттыгы менен өмүрүнө ар күнү кам көрүп жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалганына токтолуп, жер-жерлердеги медиктерге кеп-кеңештерди берүүнүн, алардын квалификациясын жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:

— медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

— ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

— медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

— Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

— Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча калктын саламаттыгын коргоо үчүн токтоосуз чечимдерди талап кылган бир катар сунуш-пикирлерди айтып чыгышты. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылышты.