“Мурда мамлекеттик жөлөкпулдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалса, эми муктаж жарандар кайсыл жерге кайрылса ошол жерден жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк алат. Жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт”, — деп билдирди КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров.

Анын айтымында, ата-энесинин экөө тен белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сом өлчөмүндө жөлөкул бериле баштайт.

Бул балдарга банктан жеке эсеп ачылат, ал жерге мамлекет тарабынан берилген акча каражаты топтолот. 18 жашка чыккандан кийин ата энесинин экөө тен белгисиз болгон бала жеке эсебиндеги топтолгон акча каражатын колдоно алат.