Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык Аксы районуна акими болуп Эсеналы Ормоналиев дайындалды.

Буга чейин бул кызматта Досбаев Ыманберди Райымбердиевич ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканы айтылууда.

Эсеналы Ормоналиев буга чейин Сары-Челек, Падыша-Ата коруктарында жана Аркыт токой чарбасында директор болуп иштеген.1974-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Көл айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-2003-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин токой жана токой чарбачылык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1996-2000-жылдары Аркыт токой чарбасында токойчу;

— 2000-2005-жылдары Аркыт токой чарбасында токойчунун жардамчысы;

— 2005-2008-жылдары Аркыт токой чарбасында токойду коргоо инженери;

— 2008-2009-жылдары аталган токой чарбасында бөлүм башчы;- 2009-2013-жылдары Аркыт токой чарбасынын директору;

— 2016-жылы 6 ай Падыша-Ата мамлекеттик коругунун директору;

— 2016-2019-жылдары Сары-Челек мамлекеттик коругунун директору болуп иштеген.

Э.Ормоналиев 5 баланын атасы.