1. Айдын орточо диаметри 3475 км. Ал Күн системасындагы эң ири спутниктердин тизмесинде бешинчи орунду ээлейт. Ал эми Айдан чоң спутниктер болуп Ганимед, Титан, Каллисто жана Ио саналышат.
  2. Айдын массасы Жер массасына караганда 81 эсе, ал эми көлөмү дээрлик 50 эсеге кичинелик кылат.
  3. Ай кыртышынын аянты 58 миллион чарчы километрге барабар. Бул Африканын аянтынан чоң, бирок Азиядан кичине дегенди билдирет.
  4. Либрация эффектисинин натыйжасында жерден туруп Айдын үстүңкү катмарынын 59%ын көрүүгө болот.
  5. Ай бизге өтө жарык тело катары көрүнөт. Чын-чынына келгенде анын үстүңкү катмарынын жарык чачуу мүмкүнчүлүгү (альбедо) бар болгону 13%ды гана түзөт. Бул Жер альбедосуна салыштырмалуу үч эсе аз дегенди билдирет.
  6. Айдын көзгө көрүнгөн бетинин 40%дан ашыгын деңиздер ээлейт.
  7. Айдын көзгө көрүнбөгөн бети көзгө көрүнгөн бетинен кыйла айырмаланып турат. Башкача айтканда, ал кыйла бийигирээк келип, анда ири өлчөмдөгү ай кратерлеринин көпчүлүгү жайгашкан. Ошентсе да, айдын көзгө көрүнбөгөн бетинде болгону эки деңиз жайгашкан.
  8. Айдын магниттик талаасы жок. Бирок, айдын топурагынынын үлгүсүнө өткөрүлгөн анализдердин жыйынтыгы байыркы замандарда ал өздүк магниттик талаага ээ болгондугун көрсөткөн.
  9. Айды айланып учкан алгачкы жаныбарлар болуп ортоазиялык талаа ташбакалары саналышат. Алар 1968-жылдын 15-сентябрында «Зонд-5» советтик космос корабли менен учурулган. Алар менен бирге космоско дрозофил чымындар, коңуздар, ар кыл өсүмдүктөр, үрөндөр жана микроорганизмдер учуп барып келишкен. Башкача айтканда, кеме 21-сентябрь күнү Индия океанына ийгиликтүү келип түшкөн.
  10. Адам баласынын бүтүндөй тарыхында Ай кыртышына болгону 12 адамдын буту тийген.
  11. Ай биз жашап жаткан планетадан жыл сайын 3,8 сантиметрге алыстап бара жаткандыгын белгилей кетүү абзел. Болжол менен 600 млн жылдан соң ал адамга Чолпон жылдызындай эле көлөмдө көрүнүп калышы ыктымал.