Өзбекстандын Шайхантаур районунда 77 жаштагы адам өз өмүрүн кыйды. Жалпыга маалымдоо каражаттары Башкы прокуратурага шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, 1943-жылы туулган эркек киши көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирген.

Такталган маалыматтар боюнча, маркумга 3 жолу нейрохирургиялык операция жасалган. Акыркы учурда өз өмүрүнө кол салуу тууралуу айтып жүргөн. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.