Белгисиз адамдар бейшемби күнү АКШ президенттигине талапкер Жо Байден менен башка бир катар белгилүү адамдарды Twitter системине жайгаштырып, ошону менен бирге алардын атынан финансылык пирамиданын негизинде биткоиндерди иштеп табуу өңдүү бир өңчөй маалыматтарды калтырышкан.

«Мен төмөнкү дарекке жөнөтүлгөн бардык биткоиндерди эки эсе кылып кайтарам. Болгону мага 1000 доллар жөнөт, мен аны сага 30 мүнөттөн кийин 2000 доллар кылып кайтарам»,-деп жазылган Байдендин аккаунтунда.

Белгилей кетчү нерсе, дал ушундай эле маалымат Tesla негиздөөчүсү Илон Масктын, Microsoft системасынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин, Amazon негиздөөчүсү Жефф Безостун, ошондой эле Американын мурдагы Президенти Барак Обаманын Twitter баракчаларында пайда болгон.