БУУ башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Белоруссиядагы кырдаал боюнча өз оюн айтып жатып: «Ар бир адам өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу жана бул үчүн бийлик болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүсү зарыл»-деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, шейшемби күнү Белоруссия БШКсы «Белгазпромбанк» мурдагы башчысы Виктор Бабариконун жана Жогорку технологиялар паркынын администрациясынын мурдагы башчысы Валерий Цепкалонун талапкерлигин президенттик шайлоого каттоодон баш тарткандан кийин республиканын ар кайсы шаарларында санкцияланбаган жана массалык мүнөздөгү каршылык акциялары өтүп, баш аламандыктарга жол берилген.

ИИМдин билдирүүсү боюнча коомдук тартипти бузгандыгы үчүн болжол менен 250 адам камакка алынып, айрымдарына кылмыш иши козголгон.