Бишкекте ИИМдин Октябрь районунун Коопсуздук кызматынын кызматкерлери ломбардды тоноого аракет кылып жаткан адамды кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Шектүү кылмыштуу жерден качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери абага эскертүүчү ок атууга аргасыз болгон.

“Кармалган жаран 36 жаштагы М.К.  Анын жанында «Байкал» травматикалык тапанчасы болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү ломбарддын сырткы эшиктерин талкалап, ички эшиктин терезелерин сындырган. Тинтүү учурунда кармалган адамдын 2 миң 700 сом табылган », — деп айтылат маалыматта.