АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун айтуусунда Дональд Трамп менен КУДР лидери Ким Чен Ындын кезектеги жолугушуусу президенттик шайлоонун алдындагы «октябрь сюрпризи» болуп калуусу толук ыктымал.

«Ооба, «октябрь сюрпризи» болуп кетүүсү толук ыктымал. Себеби, Трамп Ким Чен Ын менен төртүнчү сапар жолугушууну пландаштырууда. Ошондой эле Кытайга карата кандайдыр бир олуттуу нерсе болот дегенден алысмын. Менимче, президенттик шайлоого чейинки төрт ай ичинде сырткы соода-сатык боюнча КЭР менен олутуу макулдашууларга кол коюлат», — дейт Болтон япониялык «Никкэй» гезитине берген маегинде.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк ММКлар буга чейин Трамп: «Шайлоо өнөктүгүндө мага колдоо көрсөтүп кой»-деп Ким Чен Ынга жардам сурап кайрылгандыгы тууралуу жазып чыгышкан.