Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы өпкөсү кагынган бейтаптар үчүн стационарлардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Вице-премьер-министр Ш.Салымбеков атындагы медреседе жайгашкан күнү-түнү иш алып барган стационардын медициналык кызматкерлери менен жолугушту жана аларга 2 мобилдик кычкылтек концентраторун, 150 даана жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку көз айнектерди жана кол каптарды берди. 

Аида Исмаилова медиктерге жана волонтёрлорго кайрылып, өлкөнүн Өкмөтүнүн атынан COVID-19 пандемиясынын жайылышы шартында көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Бүгүн биз мында оорулууларды дарылоо шарты менен жеринде таанышып, медиктердин жана волонтёрлордун пикирин угуп, кандай маселелер жаралып жаткандыгы жана аларга кандай көмөк керек экендигин билүү максатында келип отурабыз», — деди ал.

Өз кезегинде медициналык кызматкерлер жана волонтерлор күн сайын көмөк сурап кайрылган жарандардын өмүрүн сактоодо тушугуп жаткан көйгөйлөрүн айтышты. Алар вице-премьер-министрден дары-дармек каражаттарына жана башка калкка көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөргө карата баалардын жогорулап жаткандыгына көңүл бурууну өтүнүштү. Ошондой эле алар тез жардам унаасын жана 1 жасалма дем алдыруучу аппарат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анткени, аларга ар кандай оорусу күч алган бейтаптар кайрылууда.

Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт тарабынан зарыл дары-дармектердин, анын катарында,  гепарин, клексан сыяктуу башка дармектердин запасын тез арада камсыздоо боюнча иштер аткарылууда. «Жакынкы күндөрү аракетибиз өз натыйжасын берет деп ишенем. Ал эми тез жардам унаасы менен камсыздоо маселеси Республикалык ыкчам штабдын деңгээлинде каралат жана сиздерге колдон келген көмөк көрсөтүүгө аракет кылабыз. Биз жалпыбыз үчүн жоопкерчиликтүү учурда бири-бирибизге жардам колун сунууга даярбыз. Биз бул абалдан бирге жана татыктуу чыга алабыз», — деди вице-премьер-министр.

Андан соң вице-премьер-министр борбордогу «Газпром» Дене-тарбия чыңдоо комплексинин жана 7-кичи районундагы ДСК имаратынын базасында жайгашкан стационарларга барып, алардын ар-бирине 150 даанадан жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку коргоочу көз айнектерди жана кол каптарды өткөрүп берди.