Өлкөдө жыл сайын өпкө ооруcу менен жарым миллиондон ашык адам жабыркап келет. Алардын 90 пайызга жакыны курч респиратордук инфекция жугузуп ооруканага кайрылса, беш пайыздан ашыгы гана пневмонияга кабылчу.

Бирок март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус жайылып, өтүшүп, пневмонияга айланууда. Дарттан өпкөсү жабыркап, ооруканага кайрылгандар, илдет менен алышып айыга албай көз жумгандардын саны акыркы убакта кескин көбөйүп кетти.

Адистер дарттын өтө курч мүнөздө өрчүп, ага кабылган адамдын саламаттыгы тез арада эле начарлап жатканын айтышууда.


Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы республикада 31 миң 199 адам пневмония дартынан жапа чеккен. Алардын ичинен 26 миң 121 (83,7 пайыз) бейтап 14 жашка чейинки балдар болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын алты айында (январь-июнь) өлкө боюнча аталган ооруга 11 миң 873 адам чалдыккан. 2019-жылдын биринчи жарым жылында пневмониядан жапа чеккендердин саны 19 миң 612ден ашкан. Мындайча айтканда, былтыр 7 миң 739 адамга көп катталган.

Ошондой эле 2020-жылдын биринчи жарымында, январь-июнь айларында илдеттен 277 киши көз жумса (июлдун статистикасы кошулган жок), өткөн жылдын алты айында 318 адам каза болгон.



Бирок акыркы жумаларда пневмония менен ооруп, андан көз жумгандардын саны кескин өсүп кетти. Мисалы, 15-июлда эле 954 кишиден бул илдет табылган. Адистер учурдагы пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экендигин айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлиги март айынан бери аталган дарт Кыргызстанда жалпы 571 адамдын өмүрүн алгандыгын билдирди.



Булак: Спутник