2020-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. 14-июль күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында 20-25 жаш курактагы балдар медициналык бет кап менен 38 жаштагы К.Н. аттуу жарандын үйүнө киришип, үй ээсине күч колдонушуп, белгисиз курал менен коркутушуп, 4000 АКШ долларын, 60 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алышып, “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Э.С., 37 жаштагы Э.А., 20-жаштагы Т.К. жана Н.Б. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда кармалган жарандар башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы