Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шуша Степаняндын билдирүүсү боюнча армян-азербайжан чек арасында кайрадан ок атышуулар башталды. Ок атышуулар түнкү саат 03.40та башталган жана армян тараптын билдирүүсү боюнча ага азербайжан куралуу күчтөрүнүн чек араны бузуп кирүүсү себепкер болгон.

Азербайжан Коргоо министрлиги куралдуу кагылышуулар болуп жаткандыгын тастыктап, буга армян аба күчтөрүнүн Товуз районундагы Агдам, Дондар, Гушчу жана Вахидли айылдарына ок чыгаруусу себеп болгондугун айтат.

Белгилей кетсек, Азербайжан жана Армения ортосундагы куралдуу кагылышуулар бир нече күндөн бери уланууда. Бул боюнча бир катар мамлекеттер менен эл аралык уюмдар өз оюн билдиришип, согушуп жаткан тараптарды өз ара сүйлөшүүлөргө чакырышууда.