Өлкө боюнча «Алтын сертификатка» 53 бүтүрүүчү татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бул жылы Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 миң 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы — 229.

Бишкек шаары – 28
Ош шаары — 3
Чүй облусу – 6
Ош облусу – 2
Талас облусу – 2
Баткен облусу – 6
Ысык-Кѳл облусу – 4
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу -1

Азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 2020-жылдын 17-июлунда кошумча киргизилет«, — деп жазылат маалыматта.