Бишкекте түнкү стационарлардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, азыр алар бир саат мурун ачылып, 20.00дөн 8.00гө чейин иштешет. Күндүзгү ооруканалардын иш убактысы өзгөргөн жок: 8.00дөн 20.00гө чейин.


«Кара-Жыгач» конушунда 50 орундуу «Салтанат» ресторанынын базасында дагы бир стационар ачылууга даярдалып жатат «, — деп кошумчалады басма сөз кызматы.