Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын тургуну Зуура Сыдыкова ажылык сапарга бара турчу каражаты менен айылга колдоо көрсөттү.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнованын айтымында, Зуура апаны балдары ажылык сапарга алып барууну максат кылышкан. Бирок, Сыдыкова учурдагы кырдаалга байланыштуу ажылык сапарга пландалган каражатка 2 даана концентратор жана башка керектүү медициналык жабдыктарды алып, айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тапшырган.

«Кара-Бүргөн айылынын тургуну Хамзат Таалайбек уулу биздин айылга күйөө бала болот экен. Мага кайрылып, «эже, керектүү дары-дармектердин тизмесин бериңиздер» деди. Биз дары-дармектерди тизмесин берсек, ошол дары-дармектерди берип жибериптир. Канча сом болгонун сурасак, «Алла ыраазычылыгы үчүн эже» деп баасын айткан жок.

Мындан сырткары, Асан Итикуловдун балдары апасы З.Сыдыкованы ажылыкка алып барышмак экен. Бирок ал каражатка же тактап айтканда 130 миң сомго медициналык жабдыктарды алып беришти», — деди Г.Үчүгөнова.

Ал кошумчалангандай, 14 орундуу күндүзгү дарылануучу жай уюштурулду.

«Жерге-Тал айыл аймагы Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылы болуп кош айылдан турат. Кырдаалга байланыштуу Жерге-Тал айылында фельдшердик-акушердик пункт бар. Ал жакта болгону 1 фельдшер гана эмгектенет. ФАПтын маңдайындагы китепканага 4 койка коюп, күндүзгү стационар уюштурдук. Ал эми Чолок-Кайың айылындагы бала бакчага 8 орундуу күндүзгү стационар ачтык. Ошондой эле, Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын айылдагы филиалынын 2-кабатында 8 орундуу жана 1-кабатында 6 орундуу стационар уюштурулган. Жалпы 26 орундуу стационар иш алып барууда. Негизги көйгөйүбүз, тез жардам унаабыз жок кыйынчылык жаратууда. Ал эми күндүзгү стационарга күнүгө 15-20 бейтап кайрылып даярданышууда», — деди айыл өкмөт башчысы.

Булак: Турмуш