Португалиялык миллиардер «Сантандер» банкынын ээси Антонио Виера Монтеро коронавирустан көз жумду.

Ал боюнча кызы социалдык медиага :

«Биз бай үй-бүлөбүз. Бирок атам жалгыз абалда, акысыз болгон бекер нерсеге (абага) муктаж болгон абалда, көз жумду. Акчалар үйдө калды,« деп жазган.

 

Белгилүү болгондой, “Сантандер” банкынын Португалия филиалынын директорлор кеңешинин төрагасы Антонио Виейра Монтеиро кечээ Лиссабондо ооруканада коронавирус инфекциясынан көз жумду.

73 жаштагы банкир ооруканага жаткырылып, Италиянын түндүгүндөгү кышкы курортто эс алгандан кийин, ал жерде коркунучтуу оору жуккан деп болжолдонгон. Банкир Карри Кабралдын жугуштуу оорулар ооруканасына которулган, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.