Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы күндүзгү стационарлардын абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу,  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

кабарлады.

Өкүл Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги жаңы курулган имаратынын базасында, Баткен шаардык мэриясы менен биргеликте даярдалган күндүзгү стационарды көрүп чыгып, канааттандыраарлык деген баасын берди.

65 орунга ылайыкташкан бул жайда бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралган.

Шаардык мэрия 65 керебет жана штатифтерди жасатса, Кызыл жарым ай коому тарабынан шейшептер берилген.

Ошондой эле медицина кызматкерлери, медициналык каражаттар, жабдуулар менен камсыздалган.

Учурда Баткен облусунда күндүзгү стационар үчүн 1600дөн ашуун орун даярдалды. Ал эми ооруканалардагы орундарды 500гө чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар.