Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүлүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.

Тактап айтканда, медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Учурда линияларды ишке киргизүү үчүн бардыгы даяр. Бирок Алмазбек Абдраевдин айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардын продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Коронавирус инфекциясы жайылып жатканда бул ооруга каршы күрөшүүдө өз салымдарын кошуп жаткан ишкерлердин ролу чоң экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ата мекендик жеңил өнөр жай жана фармацевтика тармагы медициналык мекемелердин жана коомчулуктун жеке коргонуучу шаймандарга жана медициналык каражаттарга болгон талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи.

Мындай демилгелер азыркы шартта ар тараптуу колдоого татыктуу.

Ушуга байланыштуу, Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык аппараттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү Өкмөткө сунушталат деп ишендирди.