2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Европада бардыгы болуп 1 млн. 131 миң 843 жаңы автоунаа сатылган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 24,1%га аздык кылат. Бул тууралуу 16-июль күнү «Автостат» аналикалык агенттиги билдирген.

Май айына салыштырмалуу сатуу иштеринин соолгундоосу эки эсеге кыскарган жана дилерлик борборлор карантинден кийин өз ишин жандандыргандыгына карабастан автоунааларга болгон суроо-талап толугу менен калыбына келе элек.

Белгилей кетчү нерсе, июнь айында европалык рынокто негизинен Volkswagen автоунаалары көбүрөөк сатылган — 119 114 машине (–29,3%). Экинчи орунда Renault бренти турат — 108 196 автоунаа (–15,1%). Үчүнчү орунга Peugeot маркасындагы автоунаа чыккан жана бардыгы болуп — 74 399 автоунаа (–6,6%) сатылган.