Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү колледждерге 2020-2021-окуу жылында тапшыруу онлайн түрүндө ишке ашырылат. Колледжге кантип онлайн тапшыруу керек? Анын жол-жобосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тааныштырат.
Быйылкы жылы колледждерге тапшыруунун алгоритмине ылайык, абитуриенттер төмөнкү шарттарды аткарышы керек:
1-кадам. http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;
2-кадам. Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир облустагы 8 колледждин базасында алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.
3-кадам. Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу керек;
4-кадам. Бардык керектүү талаачаларды толтуруп,
сканерден өткөрүлгөн төмөнкү документтерди жүктөө зарыл:
▪️орто жалпы билими жөнүндө
аттестат же негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк,
▪️сүрөттөр.
“Катталуу” баскычын басуу зарыл;
5-кадам. Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу керек, анда өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;
6-кадам. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу зарыл.
Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.