Премьер-министр Кубатбек Боронов «Ганси» аскердик базасынын аймагында уюштурулган «Семетей» ооруканасына баргандан кийин медициналык жабдуулар кайрадан жыйналып кетти деген видеонун чоо-жайын ӨКМ түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, кечээ социалдык тармактарда «Гансиге» меджабдуулар өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун сапары үчүн гана коюлганы айтылып, кеткенден кийин унааларга жүктөлүп жатканы боюнча  видео тараган.  Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөт өкүлдөрү төгүнгө чыгарган эле. Анткен менен видеодо унаа эмнелерди жүктөп, кайда алып барылары белгилисиз бойдон калган.

ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Абдуманап Дыйкановдун айтымында, видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды реанимациялык бөлүм жайгашкан имаратка ташып бараткан.

«Кампада СИПАП деген кошумча дем алдыруучу аппарат болгон. Өкмөт башчы келген күнү (13-июль) биздин кызматкерлер жабдууларды текшерип көрүп, анан реанимациялык бөлүмгө орнотуп беришкен. Мен бүгүн ал жакты көрүп келдим, аппараттар ордунда иштеп жатат», — деди Дыйканов.

Үч күн мурда премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан «Семетей» ооруканасына барып, бейтаптардан кабар алган эле.