17-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.