Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкери пневманияга чалдыккан. Мындай маалыматты бүгүн, 16-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«1-майдан бери пневмония менен ооруган 33 адам сакайса, бүгүнкү күнү 42 бейтап амбулатордук бөлүмдө дарыланууда. Бардыгы болуп 75 кызматкер пневманияга чалдыккан.
Учурда күнүнө дене
табы көтөрүлгөн 100-150 адам кайрылышууда. Аларды көзөмөлдөп 7 дарыгер, 6
медайым иштөөдө. Кээде дарыгерлер күнү-түнү күзөттө туруп, андан кийинки күнү
да иштеп жатыша», — дешти мекемеден.