Бүгүн Кыргызстанда Сovid-19 илдетинин кесепеттери өтө тездик менен жайылып, өлкөдө кыйын кырдаал жаралды. Ошого байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы коронавирус оорусунан каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасынын негизинде жарандарды этият болууга жана эл чогулган жерлерге барбоого, ошондой эле жаназа намазында көп адам чогулбай, эң жакын туугандарынын катышуусунда аралыкты сактап жана бет каптарды кийип, сактык чараларын толук сактоого чакырат. 

Коронавирус оорусунан көз жумган адамды жуу, кепиндөө жана жерге берүү маселесинде зарылдыктан улам шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрүн толук сактоого чакырат.

1.Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жуу, кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Ошондуктан сөөк жууган молдокелер атайын кийимдерди жана бет кап жана кол капттарады кийип, сактык эрежелери толук сактоого тийиш.

2.Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу фарзы кифая болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда, калган мусулмандар бул жоопкерчиликтен кутулушат. Ошондуктан ушундай кыйын учурда туура түшүнүп, маркумдун туугандары жана эң жакын саналаштары гана катышуусу жетет.

3. Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш. Ошондуктан шартка байланыштуу 5-6 адам гана катышусу жетиштүү.

4.Маркумду сөөгүн жуу, кепиндөө учурда башка адамдарга ооруунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

1.  Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.

2.  Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.

3.  Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум кылдырууга болот.

4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана ошондой эле анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет.

Денени өрттөп же кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.

Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.

Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерди аткарып жатсак да, мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.