Азыркы учурда Ош шаарынын ЖКККБда штаттык режимде 27 кызматкер иштеп жатат.

Ушуга байланыштуу, ИИМдин ЖКККББ расмий билдирет, социалдык тармактарда Ош шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө пандемияга байланыштуу бир гана кызматкер калып, учурда иштеп жаткандыгы жөнүндө тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

«Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратпоону жана расмий маалыматтарды гана пайдаланууну суранабыз»-деди ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы.