«Манас» эл аралык аэропортунда 16-июлда «Сибирь авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мекенине Россиядан 205 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тищмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.