1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин ыкчам медицина борборуна (103) 59 миң 83 чалуу келип түштү. Алардын ичинен 9 миң 442 чалуу катталып, 5 миңден ашык консультация берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Борбор шаардын тургундарынын билдирүүлөрү боюнча 5071 жолу чыгуу аткарылып, 1323 пневмония учуру жана 57 COVID-19 учуру катталды, 840 адам ооруканага жаткырылды.

Белгилей кетсек, июнь айындагы ушул эле учурда 6775 кайрылуу катталып, 3481 консультация берилди.

Өткөн айда 5275 жолу чыгуу аткарылып, 325 COVID-19 учуру жана 97 пневмония учуру аныкталган, 1611 адам ооруканага жаткырылган.

Бул мезгилде 103 кызматына түшкөн чалуулардын жалпы саны катталган эмес.