Азербайжан Коргоо министрлиги 16-июль күнү Арменияга расмий түрдө кайрылып, эгерде армян бийлиги эсине келбесе, Мецамор атомдук электр станциясын ракеталык чабуулга ала тургандыгын жар салды.

Ошентип, аскердик ведомстволук Азербайжандагы Мингечевир суу сактагычын Ереван жардыра тургандыгы боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүгө жооп бергендей болду.

«Биздин армиядагы заманбап системалар (ракеталар) өтө чоң тактык менен Мецамор АЭСине сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин, андай болгон күндө мунун өзү Армения үчүн болуп көрбөгөндөй трагедия менен коштолоорун эскертип кетким келет»-деген «РИА Новости» кызматына Азербайжан Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Вагиф Даргяхлы.