Бүгүн, 17-июлга карата Бразилияда жалпы 2 012 151 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтына жарыяланды.

Аталган өлкөдө, акыркы сутка ичинде илдеттин  45 403 жаңы учуру катталып, 1322 адам көз жумду. Каза болгондордун жалпы саны 76 688 бейтапты түздү.

Бразилия коронавирус жуктурган бейтаптардын саны менен АКШдан кийин 2-орунда турат.