Коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев өкмөттү сындагандарга кайрылып, көчөгө бет кабы жок чыкпоону эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

«Эй…өкмөттү жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп жаткандар… Жок дегенде көчөгө маскасы жок чыкпагылачы… Маска тагынганда да тияк-биягын шалбыратып ачык таштап, жөн эле тумшукка илип койбой тыкыр, ооз-мурунду толук жапкандай тагынгылачы…Башка бирөөнөн бирдеме талап кылгынчакты ар кимибиз өзүбүзгө талап коюп, өзүбүзгө жоопкер болсок дурус болот эле…»-деп жазат саясатчы.

Эске салсак, буга чейин, Каптагаев өзү да ооруп, сакайып жатканы тууралуу жазган эле.