Коронавирус илдети өлкөбүздө алгачкы катталган учурдан тартып азыркы мезгилге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 29199 адам үй карантинине алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 28003 атуул үй карантининен чыгарылып, 1196 адам үй шартында дарылануусун улантууда. Алардын сыртка чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн милициянын участкалык инспекторлору үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте көзөмөлгө алууда.

Санитардык норманын сакталышы боюнча облус аймагында тиешелүү кызматтар менен бирге жалпы 238 мамлекеттик мекемелер текшерилди. Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) бузбоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй карантинге алынган адамдарга 16815 талап баракчалары кол койдурулуп берилди. Тиешелүү кызматтар менен бирге облус аймагында жайгашкан 1970 жеке ишканалар, соода түйүндөрү, базарлар текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү талаптарды аткарбагандарга протоколдор толтурулуп, 77500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Иштөө режимин токтотуу жөнүндө 58 жолу комиссияларга сунуштар жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө облус аймагында 91 убактылуу медициналык стационарлар ачылган. Алардын ичинен 69у күндүзү, 22си сутка бою иш алып барууда. Ачылган стационарларга 900гө чукул жаран кайрылып, медициналык жардам алышууда.

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан азыркы кырдаал толук көзөмөлгө алынууда. 81 жөө кайгулдоо багыттарында 303 кызматкер, 20 автоунаа кайгулдоо багыттарында 43 кызматкер кезек алмашуу менен алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө.