Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаардыктарга кайрылуу жолдоп, учурдагы кырдаалдан бийлик менен эл чогуу иштеп, бул апааттан чыга турганын жар салды.

Бул тумоо, бул оору жаңы бир балээ! Күндө жолун, багытын өзгөртүп атат. Ар бир өлкө алына жараша күрөшүп жатат. Элибизге, сиздерге рахмат, таазим.

Кичинекей бала телефон алам деп чогултуп жүргөн акчасын берип атат, өмүрү узун бактылуу таалайлуу болсун! Үмүт оту алоолонду! Кыргыздын тээ алыскы айылынан бир малдуу 10 топозун сатып акчасын элге жумшап атат.

Оруу бир убак келет малың өрүшүңө батпай калат! Буйурса!Тоңдо 80 жаштагы Апа пенсиясын берип атат. Муунум бошоп толкундандым! Апаке рахмат

Канча бизнесмен бизнес жерлерин элге ачты, таазим силерге. Миллиондорду тапкыла! Канча маданият тармагында иштегендер элге жардам беришти, миллиондорун болүштү, талантынар өркүндөсүн. Уучубуз кур эмес. Бийлик менен эл чогуу чаран бул балээден да чыгабыз. Ушул кыйчалыш убакта элдин мүлкүнө кол салып уурдап аткандарга наалат, убакыт келет баарына жооп берет мыйзам алдында. Ажобуз, өкмөтүбүз, жергиликтүү бийлик биз эл менен чогуу бирбиз, жаныңардабыз. Иштеп атабыз баардык нерсе көрүнгөндөй эмес, чындыгы жакшысы көп, жаманы , калпы аз. Бизди деле сүйүп ийип аткан жок, бирок ишениңиздер бар күчүбүз менен иштеп атабыз.