Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 16-июль күнү саат 23:00 чамасында шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жаңгак тилкесиндеги, авариялык абалда деп корутунду чыгарылган Кулназаров атындагы орто мектебинин 15 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. 

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен. ӨКМне маалымат кечиктирилип берилген.