КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова коронавирус жуктурган адамдар кайсы учурда дары-дармек колдонуу керектигин билдирди.

«Адамда оорунун белгилери (дене табынын 38 ге чейин көтөрүлүшү, тамак оору жана жөтөл, алсыздык) пайда болуп, оору башталганда жарандар активдүү дарыланып башташат, өзгөчө алгачкы күндөрү. Бул өтө кооптуу. Оорунун алгачкы күндөрү организм өзү вирус менен күрөшөт, мындан улам дене табы көтөрүлөт. Биринчи беш күн аралыгында өзүн-өзү дарылоо жана дене табын түшүрүү сунушталбайт. Эгерде дене табы 38 ге чейин болсо, алгачкы 5 күндө бир гана суюктукту көп ичүү сунушталат. Ал эми, дене табы 38,5 градустан ашкан учурда, парацетамол же ибупрофен сыяктуу дене табын түшүрүүчү дарыларды колдонсо болот. Эсиңиздерде болсун, көп дозада парацетамол ичүү – организмге терс таасирин берет»,-деди Кутманова.

Вируска каршы дарылар сунушталбайт, алардын эффективдүүлүгү бир дагы өлкөдө далилденген эмес. Бир гана төшөктө жатуу режимин сактоого болбойт, тескерисинче көп кыймылдап, ич менен жатуу сунушталат.

«Оору башталган күндөрү гормоналдык — декстаметазон жана башка ушул сыяктуу дарыларды ичүүгө болбойт. Ал эми, антибиотиктер вирусту дарылоого колдонулбайт. Гормоналдык дарыларды жана антибиотиктерди колдонгон учурда, организмдин коргонуу системасы төмөндөп, вирустун башка органдарга дагы жайылып кетиши ыктымал. Ар бир дары-дармек лаборатордук көрсөтмөнүн негизинде дайындалышы керек. Ооруп жаткан адамдын абалы оорлоп баратканда, дарыгердин кеңеши жана анын көзөмөлүндө дарылануу керек», — деп билдирди ал.