Улуу Британияда беш жашар Райдер Уэллс     балдар жана чоңдордун   шылдыңдоолоруна чыдоо  менен күн кечирет. Ал 1 жаш 9 ай кезинде  ага эки Роттвейлер (иттер) кол салган. Бул окуяны The Mirror жазды.

Кырсык бала 1 жаш 9 айлык кезинде болгон. Иттер анын оң жаагын, эриндеринин 75 пайызын, тиштерин жана колун сындырып, оң өпкөсүн тешип алган. Андан кийин дарыгерлер баланын энеси Бриттанини бул жагдай жакшы жагына ообойт деп даярдашкан. Балага 50 ирет пластикалык операция жасалган. Бала бакчага барганда тамактанууну жана ичүүнү кайрадан үйрөнгөн.

Бриттани эскергендей, дарыгерлер аны Райдер ушунчалык катуу жаракаттар менен аман калгандыгын керемет деп аташкан.

Азыр көчөдөгү бейтааныш адамдар ал жөнүндө жагымсыз пикирлерин айтышат, ал эми кээ бир балдар «желмогузга»  окшоштурушат. Кээде ал көз айнегин жана баш кийимин  ылдый түшүрүп, башкалар анын жүзүн көрбөгөндөй абалда жүрөт. Ошол эле учурда, Райдер чоңойгонго чейин, анын мурдун жана тишин калыбына келтирүү үчүн дагы көптөгөн операцияларды күтүп турат.

Бриттани айткандай, анын баласы эч качан башкалардай болуп көрүнбөйт жана көптөгөн тоскоолдуктарга туш болот.Ошентсе да   ал күн сайын баласына, ар кимдин өзүнө окшош, башкалардан айырмаланып турганы табигый нерсе экенин айтып турат. Райдердин өзүнүн достору бар, алар менен наристе өзүн ишенимдүү алып жүрөт .