Жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү үчүн 2020-жылдын 14-июлунан тартып Бишкекте 220 керебет-орундуу 2 түнкү стационар иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

«Түнкү стационарлар саат 20:00дөн 08:00гө чейин иштейт. Ал жакта 34 медицина кызматкери жана 5 волонтёр медициналык жардам көрсөтүүдө. Түнкү стационарларда 4 аптека пункту кызмат көрсөтүп, 51 кычкылтек концентраты бар”, — деди Азизбек Алымкулов.

Анын айтымында, 2020-жылдын 15-16-июль күндөрү түнкү стационарларга 683 адам медициналык жардамга кайрылып, 282 адам тамчылатма дары (капельница) түрүндөгү инъекция алды, 397 адам медициналык кеңеш алып, 2 адам ооруканаларга жаткырылды, 2 адам каза болгон.