COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны бир сутка ичинде 226 миң учурду түзүп, 13,3 миллиондон ашты. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун билдирүүсү боюнча бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзү боюнча бул илдеттен 580 миңден ашуун бейтап каза болду.

Аталган уюмдун соңку маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алган 226 181 учур катталып, 5579 бейтап каза тапкан. Ошентип, жалпы катталгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 13 378 853 учурду түзсө, бардыгы болуп 580 045 адам аталган оорунун кесепетинен улам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Баштагыдай эле ооруну эң көп жуктуруп алган учурлар Түндүк жана Түштүк Америкада кездешет — 7 016 851, Европада ал — 2 987 923.