Ош шаардык тез жардам бекетине өкмөт тарыбынан бөлүнгөн 3 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы тез жардам унаалары президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен сатып алынганын белгилеп, мамлекет тарабынан медицина тармагына ар кандай колдоолор болуп жатканын билдирди.

3 тез жардам унаасы керектүү медициналык жабдыктар менен жабдылган.

Жаңы келген 3 тез жардам унаасы менен жалпы 13 техника иштеп жатат. Бул тез жардам унаасында дем алдыруучу аппаратка чейин бар. Автоунаанын ичинде керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Демөөрчүлөр менен жакынкы күндө дагы бир тез жардам унаасын алып жатабыз. Негизи эле медицина тармактарында көйгөй бар. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен бир канча маселелер чечилди. Кийинки жылы да жергиликтүү бюджеттин эсебинен тез жардам унааларын сатып алабыз. Тез жардам бекетинин имараты да жаңыланат”,-деди шаар мэри.