Кадамжай районуна 1 млн сомдон ашык акчага дары-дармектер
алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Баткен облусунун жетекчилиги кабарлады.
Маалыматка караганда, каражатты Бишкек шаарында эмгектенип жүргөн
кадамжайлыктар чогултушкан. Жалпы 1 млн 32 миң сомго медициналык жабдуулар жана
дары-дармектерди алынды. Анын ичинде 11 кычкылтек концентратору бар.