Уюлдук байланыш станциясынан чыккан радиотолкундардын күчү телевизор, радио, Wi-Fi же майда нур мешинен чыгып туруучу нурлардан жогору эмес. Бул тууралуу 17-июлда Бишкекте журналисттер үчүн уюуштурулган көчмө жыйында байланыш тармагынын жетекчилери билдиришти.

Алар “5G технологиясы коронавирустун жайылышына себепкер” деген сөз негизсиз экенин айтып, Кыргызстанда мындай технологиянын өзү да жоктугун белгилешти.

“Тунгуч” кичи районунун аймагында жайгашкан базалык станциянын нурларынын деңгээлин журналисттердин көзүнчө өлчөп, нормасы 10 мкВт/кв болсо, ал жерде 4,8 мкВт/кв экенин көрсөтүштү.

Антенналарды талкалоо чакырыктары фейк маалыматка таянуу менен жасалып жатканын айтып, эгер кимдир бирөө ошондой кадамга барса район-айылдар уюлдук байланышсыз каларын эскертишти.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов Кыргызстандагы операторлор 5G түйүнүнүн жабдыгын колдонбой турганын, анткени өлкө мындай технологияга өтө электигин, радиотолкундар вирустун таратуучусу боло албасын билдирди. Ошону менен катар ал байланыш объектилерин куруу кымбат жана техникалык жактан татаал процесс экенин кошумчалады.