Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8-атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Молдосанов  Канат Жумабекович 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Молдосанов Канат Жумабекович 1978-жыл 3-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн  районунун Кайырма  айылында туулган.

Билими атайын орто, 1995-жылы  № 47 кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.

Эмгек жолу:

1996-1998-жылдары  № 22058 аскердик бөлүгүндө айдоочу.

1999-жылдын январь айынан тарта  Өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекттик кызмат бөлүмүнүн №8 адистештерилген  бөлүгүндө айдоочулук кызматтарда аркалап, бүгүнкү күндө бөлүмдүн улук техниги кызматында иш алып барып келген.

улук прапорщик Канат Молдосановдун алган сыйлыктары:

2009-жылы КРнын ӨКМнин «Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы   медалы менен, «Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 85 жыл» юбилейлик медалы менен  сыйланган.

2012-жылы Президенттин атайын сааты менен сыйланган

2013-жылы «Кынтыксыз кызматы үчүн II-даражадагы» медаль менен сыйланган

Канат Молдосанов үй-бүлөөлүү 4 баланын атасы

улук прапорщик Канат Молдосановдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып

З.Аскаров, Д.Алимбеков, А.Мамбетов, Р.Рысбаев, К.Ахматов, А.Чаргынов, Б.Оторбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты